"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Бишкекте Фучик көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

6-сентябрдан тарта Бишкек шаарындагы Фучик көчөсүнүн батыш тарабы — Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери жүрүп жаткан маалда аталган көчөнүн чыгыш тарабында унаа кыймылы эки багытта уюштурулат.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарына жана конокторуна төмөнкүлөрдү эскертет:

  • Унаа тыгындарын алдын алуу үчүн коомдук транспортту пайдалануу сунушталат;

  • Убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Капиталдык оңдоо иштеринин мөөнөтү тууралуу кошумча маалыматтар кийинчерээк берилет.