"Эркин-Тоо"

Бишкекте футбол боюнча КР Кубогунун финалдык беттеши өтөт

16-сентябрда Бишкектеги  Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын 2023-жылкы Кубогунун финалдык беттеши орун алат. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.

Кубок үчүн чечүүчү оюнда өлкөнүн учурдагы чемпиону — «Абдыш-Ата» (Кант шаары) жана Премьер-лиганын дебютанты «Мурас Юнайтед» (Жалал-Абад шаары) футболдук клубдары ойношот. Оюн саат 20:00дө старт алат.

Беттештин түз берүүсү «Кыргыз Спорт ТВ» каналынын Ютуб платформасында жана Мегалайн, Акнет, Неотелеком кабелдик түйүндөрүндө жеткиликтүү болот.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!