"Эркин-Тоо"

Бишкекте футбол стадионунун курулушу башталат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн расмий сайтына жарыяланды.

Отурумда мэриянын 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгы, 2024-жылга милдеттери талкууланган.

Акылбек Жапаров шаардын бюджетин көбөйтүүгө басым жасап, салыктарды башкаруу, каттоодон өткөрүү, бухгалтердик эсеп, муниципалдык менчикти башкаруу сыяктуу иштерди күчөтүү зарылдыгын, бардык процессти санариптик системага өткөрүү керек экенин айткан.

«Бишкек шаары экономикабыздын локомотиви болушу керек. Шаардын жашоосунун маанилүү тармактарын электрондук түрдө көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү үчүн бардык процессти санариптештирүү зарыл. Шаарда тазалык, коомдук коопсуздук, шаар чөйрөсүнүн эстетикасы жана жашылдандыруу боюнча өзгөчө тартип жана эрежелерди киргизүү зарыл. Шаар жашоочулар жана туристтер үчүн ыңгайлуу болушу керек. Бизге кооз архитектуралар, беш жылдыздуу мейманканалар керек. Быйыл футбол стадионунун курулушу күтүлүүдө. Коюлган пландардын ичинде бардык инфраструктурасы бар заманбап бизнес-борбордун курулушу да бар», — деген министрлер кабинетинин төрагасы.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!