Хоккей боюнча мэрдин кубогу эл аралык турнири 2021-жылдын 10-декабрынан 20-декабрына чейин өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Турнир Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана КР Хоккей федерациясы менен биргеликте уюштурулууда.

Мелдешке Латвия, Россия Федерациясы, Өзбекстан, Алматы шаарларынын командалары, борбордун “Алга”, “Локомотив” клубу жана Нарындын “Нарын шумкарлары” командалары катышат.

Балдар жана кыздар үч жаш категориясы боюнча ат салышат: 2008-жылы туулгандар жана андан кичүүлөр, 2010-жылкы жана андан кичүүлөр, 2012-жылы туулгандар жана андан кичүүлөр.

Турнирдин максаты – өлкөдө хоккейди өнүктүрүү жана жайылтуу, спортчулардын достук, спорттук мамилелерин кеңейтүү жана чыңдоо, сергек жашоо образын жайылтуу.

Мелдештер 11-декабрда саат 12:00дө Виноградная көчөсү №1/3 дарегиндеги Шаардык муз тебүүчү аянтчасында башталат.