2025-жылдын 11–15-июнь күндөрү III Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөт. Иш-чара дүйнөнүн булуң-бурчунан келген режиссерлорду, продюсерлерди жана кино адистерин бириктирип, Борбор Азиядагы кинематографияны өнүктүрүүгө багытталган.
Быйыл фестивалда эл аралык жана Борбор Азиялык конкурс, “Kyrgyz Box” улуттук тасмалар программасы, Төлөмүш Океевдин 90 жылдыгына арналган ретроспектива, француз жана немис фильмдеринин жумалыгы жана атайын мастер-класстар өтөт.
“Kyrgyz Box” программасы аркылуу улуттук прокатта элдин сүймөнчүгүнө ээ болгон жана рекорд койгон тасмаларды көрүүгө мүмкүнчүлүк болот.
Фестиваль Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен уюштурулат.

