Улуттук госпиталдын Инсульт борборунда ишемиялык инсультка чалдыккан бейтапка тромболитикалык терапия ийгиликтүү жасалып, бир нече саат ичинде сүйлөө жана кыймыл функцияларын толук калыбына келтирилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 1949-жылы туулган И.Ж. аттуу бейтап 27-июль күнү тез жардам кызматы аркылуу Инсульт борборуна жеткирилген. Келген учурда анын сол тарабында шал болуу (гемиплегия) жана сүйлөөсүндө бузулуу (дизартрия) белгилери байкалган. Дарыгерлер диагнозду тастыктап, бардык керектүү лабораториялык анализдерди жүргүзүшкөн.
Диагноз такталгандан кийин, клиникалык протоколго ылайык, бейтапка альтеплаза дарысы аркылуу тромболизис жасалган. Эң кызыгы, дарыны куюу башталгандан соң 5 мүнөттүн ичинде бейтаптын кыймыл жана сүйлөө функциялары жандана баштаган. Үч күндөн кийин бейтап канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылган.
Маалымат үчүн: Тромболизис — бул ишемиялык инсульт учурунда мээнин кан тамырларын тосуп калган кан уюктарын (тромбдорду) эритүүгө багытталган медициналык ыкма. Бул дарылоо жолу мээнин кан менен камсыз болушун кайра калыбына келтирип, зыяндуу кесепеттерди азайтууда абдан маанилүү. Бирок, тромболизис ыкмасын колдонуу үчүн так убакыт чегине жана дарыгерлер белгилеген атайын шарттарга так кармануу талап кылынат.

