13-мартта Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Иран искусствосунун көргөзмөсү расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага маданият министринин орун басары Марат Тагаев, Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн, Иран элчилигинин маданий өкүлчүлүгүнүн башчысы Абузар Тогани катышты.
Көргөзмөгө Ахмад Араб-Рахими, Хосейн Саржукиян, Рухолла Джаханбин, Сабер Сафай аттуу Иран элинин мыкты чеберлеринин эмгектери коюлган.
Көргөзмө 16-мартка чейин уланып, анын алкагында Ахмад Араб-Рахими, Хосейн Саржукиян, Рухолла Джаханбин, Сабер Сафай тарабынан мастер-класстар өткөрүлөт.