"Эркин-Тоо"
Пресс

БИШКЕКТЕ ИРИ КЕҢСЕ АЧЫЛААРЫ КҮТҮЛҮҮДӨ

Азырынча расмий түрдө дал ушундай маалымат кетти. Узундугу 454 чакырым турган Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоорунун техникалыкэкономикалык негиздемеси келерки жылдын 1-июнуна даяр болот. Ага дейре 15-январга карата баш калаабызда темир жол долбоорунун кеңсеси түзүлөөрү маалым болду. Маалыматты өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин администрациясы кабарлады. Бишкекте 15-январдан тартып ишке кирүүчү кеңсенин башкаруу тартиби талкууланууда. Мындан тышкары эл аралык каржы уюмдары менен сүйлөшүү жүрүп жатат.