"Эркин-Тоо"

Бишкекте ишкерлер электромобилдерди кубаттоочу станция ачышты

Бишкекте ишкерлер электромобилдерди кубаттоочу станция ачышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Борбордун Биринчи май районундагы Исанов көчөсүндө жайгашкан «79» бизнес борборунун аймагына EVOX ишканасы тарабынан эки электр кубаттоочу жай орнотулду.

Шаардын Биринчи май акимчилиги экологиялык кырдаалдын шарттарын жакшыртуу жана шаарды өнүктүрүү үчүн бизнес өкүлдөрүн биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана кызматташууга чакырат.

Былтыр декабрда шаардык кызматтар менен макулдашып, станциялардын ордун аныктоо иштери жүрүп жатканы кабарланган. Инвесторлор, кызыкдар жарандар толук маалыматты төмөнкү даректен алса болот:

Бишкек шаары, Жибек Жолу көч. 348, Биринчи май муниципалдык администрациясынын имараты, маалымат үчүн байланыш телефону: +996 (312) 661 537.

Мирзиёев: Миңге жакын мамлекеттик ишкананы жеке менчикке сатабыз

Министрлер кабинети ноябрь айында электромобилдердин кубаттоочу станцияларынын инфратүзүмүн өнүктүрүү жана транспорттун бул түрүн жайылтуу үчүн сунуштарды иликтей турган жумушчу топ түзгөн.

Жумушчу топко бир айда сунуштарды жана тийиштүү иш-чаралардын планын иштеп чыгуу тапшырылган. Жумушчу топту президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов жетектейт.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!