"Эркин-Тоо"

Бишкекте Ишкерлерди тейлөө борбору 3 жумада 1,3 миң салык төлөөчүнү тейледи

Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борбору ачылган күндөн тартып үч жуманын ичинде 1 миң 331 салык төлөөчүгө кызмат көрсөттү. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, салыктык каттоодон 72, эсептик каттоодон 18, кайра каттоодон 57 салык төлөөчү өттү. Ошондой эле салыктар боюнча 122, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 744 ишкер отчетторун тапшырышты, ал эми 30 салык төлөөчү салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө, 16сы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалымкаттарды алышкан.

Мындан тышкары, 44 салык төлөөчү Салык кызматынын сайтындагы “Жеке кабинетке” кирүү мүмкүнчүлүгүн, 147 ишкер патент жана камсыздардыруу полисин алышты. Патент менен иштеген 36 ишкер өз ишин токтотту.

Эске салсак, 2021-жылдын 25-ноябрында Бишкекте Ишкерлерди тейлөө борбору ачылып, анда борбордун ишкерлери мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү, консультацияларды ыкчам жана толук түрдө алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Борбор ишкерлерди шаардын райондук салык органында катталгандыгына карабастан кызмат көрсөтөт.

Ишкерлерди тейлөө борборунда Салык кызматынан сырткары 9 мамлекеттик орган жана бир катар мамлекеттик уюмдар кызмат көрсөтүшөт. Алсак, булар – Юстиция министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Бажы кызматы, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы, Кыргызпатент, Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик контролдоо агенттиги, Баалуу металлдар департаменти, Тышкы миграция департаменти, Тышкы соода чөйрөсүндөгү “бирдиктүү терезе” борбору, Ишкердикти өнүктүрүү фонду, Кепилдик фонду, Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы. Ошол эле жерде «РСК Банктын» филиалы жайгашкан.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!