Милиция Бишкектин борбор көчөсүндө иттин элге кол салуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда жаныбардын ээси изделүүдө. Буга чейин интернетке чоң ит окуучу бала менен аялга кол салып, аларды тиштеген видеосу тараган. Көчөдө өтүп бара жаткандар баланы иттен араң сууруп алып, коргоого алышкан. Окуучу баланы Тез жардам кызматы менен №3 балдар ооруканасына жеткиришкен.
Милициянын маалыматы боюнча, окуя 1-апрель күнү болжол менен саат 19:00дө Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Окуядан кийин милицияга бул боюнча эркек кишиден арыз келип түшкөн. Ал 12 жаштагы баласын ит тиштеп кеткенин айткан.
Факты боюнча Жоруктар кодексинин 119-беренеси менен иш козголду. Баланын канчалык оор жаракат алганы соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынан кийин белгилүү болот.