"Эркин-Тоо"

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн үч жаштагы бала каза болду

Бишкекте көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыгып, үч жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Чүй көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 17:35те Свердлов райондук №3 ӨКБдан 2 бөлүм жана штаб тартылды. Өрт саат 17:51де чектөөгө алынып, саат 18:46да толук өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен батирдин балкону толук өрттөнүп, 2020-жылы туулган А.М аттуу бала каза болду.

Пример HTML-страницы