Бишкекте кармалган трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Азербайжандын расмий органдарынын өтүнүчү менен Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-мартта «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө пункту аркылуу Кыргызстанга Азербайжандын беш жараны келген. Алар: 1971-жылы төрөлгөн А.В.С., 1984-жылы төрөлгөн Б.С.О., 1982-жылы төрөлгөн А.М.О, 1992-жылы төрөлгөн Б.Н.О., 1992-жылы төрөлгөн М.З.О.
Аталган адамдар өздөрүнүн кылмыштуу таасирин, анын ичинде криминалдык идеологиясын жайылтуу жана күчөтүү максатында Кыргызстанда туруктуу уюшкан кылмыштуу топтордун системасын түзүүнү, ошондой эле эң оор кылмыш — буюртма менен киши өлтүрүүнү пландашкан.
Эске салсак, Бишкекте трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон Азербайжандын беш жараны кармалган. Алардын бир катар мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар экени аныкталган.