"Эркин-Тоо"

Бишкекте кармашып урушуу боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Бишкекте кармашып урушуу боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Биринчилик 17-18-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп, ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
 кыз-келиндер арасында — 48, 53, 58, 64, 70, +70 кг;
 эркектер арасында — 57, 62, 67. 73, 80. 88, 97, +97 кг.