"Эркин-Тоо"

Бишкекте коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү коркуткан жарандар кармалды

Бишкекте коомдук транспорто жүргүнчүлөрдү коркуткан жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда коомдук транспорттун ичинде белгисиз адамдар жүргүнчүлөрдү коркутуп жаткан видео тараган.

Аталган факты Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын милиция бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Ыкчам-иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө Бишкек ШИИББдин ыкчам кызматкерлери кылмышкерлердин изине түшүшүп, алардын өздүгү такталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Алар мурда бир нече жолу соттолушкан 1994-жылы туулган К.Ж. жана 2005-жылы туулган А.Р. болуп чыкты.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!