Бишкекте коомдук транспорттун беш айдоочусу жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн иштен алынды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, андан тышкары, 3 айдоочу 100% сый акысынан ажыратылган.
Маалыматка ылайык, «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы, “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканалары жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында айдоочулар арасында жыйын өткөрдү.
Анын жүрүшүндө жаңы автобустардын катышуусундагы жол кырсыктарынын көбөйүшү боюнча маселе каралып, айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эрежени сактабаган айдоочуларга чараларды көрүү боюнча милдеттер коюлду.
Мындан тышкары, накталай эмес төлөм системасына толук өтүүдө пландын аткарылышы туралуу маселе көтөрүлүп, жүргүнчүлөрдөн накталай эмес төлөм жүгүртүүсүн талап кылуу, айдоочуларга коюлган баардык талаптарды жана эрежелерди сактоо талкууланды.
Белгилей кетсек, “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын айдоочулары жол кыймылынын эрежелери боюнча сынак тапшырууда.
Жыйындын натыйжасында жол кыймылынын эрежелерин сактабаган, накталай эмес төлөм жүгүртүүдө каражаттарды ысырап кылган айдоочуларга өтө катаал чаралар көрүлөрү эскертилди.