Бишкекте «Коопсуз үй-бүлө – коопсуз өлкө» республикалык форуму өттү

16-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 122
2026-жылдын 15-июнунда Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармония имаратында «Коопсуз үй-бүлө – коопсуз өлкө» аталышындагы республикалык форум болуп өттү.

Иш-чара үй-бүлө институтун чыңдоого, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга, позитивдүү ата-энеликти жайылтууга, ошондой эле балдардын коопсуздугун жана бакубаттуулугун камсыздоодо коомдук жоопкерчиликти жогорулатууга багытталды.

Форумга борбор калаанын миңге жакын тургуну катышып, алардын катарында муниципалдык аймактык башкармалыктардын, үй комитеттеринин, саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын кызматкерлери, эксперттер, депутаттар жана коомдук ишмерлер болду.

Катышуучуларга куттуктоо сөзү менен Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов кайрылып, үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана балдардын укуктарын коргоо маселелерине токтолду.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев сөз сүйлөп, туруктуу жана өнүккөн коомду калыптандырууда үй-бүлө институтунун өзгөчө маанисин белгиледи. Ал жарандар үчүн коопсуз жана жагымдуу социалдык чөйрөнү түзүүдө бардык тараптардын биргелешкен аракеттери зарыл экенин баса белгиледи.

Форумдун алкагында үй-бүлөлүк мамилелерди бекемдөө, балдарды туура тарбиялоо жана ырайымсыз мамиленин алдын алуу темаларына арналган театралдаштырылган көрсөтүү тартууланды. Мындан тышкары, катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан даярдалган позитивдүү ата-энелик тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө эксперттер үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана анын алдын алуу боюнча субъекттердин ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы тартибин талкуулашты. Ошондой эле кыргыз коомундагы үй-бүлө институтун чыңдоо, өсүп келе жаткан муунду руханий-адептик жактан тарбиялоо, үй-бүлөдөгү чыр-чатактардын жана зомбулуктун экономикалык себептерин азайтуу механизмдери, үй-бүлөлүк бюджетти туура пландаштыруу маселелери боюнча пикир алышты.

Форумдун катышуучулары үчүн укуктук жана социалдык маалымдуулукту жогорулатууга багытталган Kahoot форматындагы интерактивдүү викторина уюштурулуп, активдүү катышуучулар сыйланышты.

Маданий программа борбор калаанын чыгармачыл жамааттарынын өнөр көрсөтүүлөрү менен коштолуп, иш-чара флешмоб жана жалпы сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

Возможно, это изображение толпа

16-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 122
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X