"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом

Бишкекте Курманжан датка көчөсү унаалар үчүн толук ачылды

Бишкек шаарындагы Курманжан датка көчөсүнүн Жибек Жолунан Чүй проспектисине чейинки бөлүгү капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери белгиленген мөөнөтүнөн 50 күн эрте аяктаган. Жолдун боюндагы жылуулук өткөргүчтөр жаңыланып, көчөнүн туурасы мурдагы 12–16 метрден 21 метрге чейин кеңейтилген.

Учурда 3 метрлик тротуар жана 2 метрлик веложол куруу пландалууда.