Бишкек шаарындагы Токомбаев көчөсүндөгү курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 15 жаштагы өспүрүм кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-май күнү саат 09:00дө шаардык милицияга А.Токомбаев көчөсүндөгү курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн аймагынан кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге барган милиция кызматкерлери жансыз денеси табылган кыз 2008-жылы туулган М.А. экенин аныктаган.
Маркумдун денесинен эч кандай жаракат табылган эмес. Бул факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Бул боюнча Чүй облустук ички иштер башкармалыгы дагы кошумча маалымат таратты. Анда облустук милицияга балдар үйүнүн социалдык педагогоу А.Р. аттуу жаран кайрылган. Арызында ал 6-май күнү 2008-жылы туулган М.А.Х. аттуу кыз мектептен чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Бул факты электрондук журналга катталып, териштирүү ошол эле күнү башталган болчу.