"Эркин-Тоо"

Бишкекте курулуш материалдары сатылган дүкөндөр өрттөндү

Бишкекте Орозобеков көчөсүндө жайгашкан  «Эски толчок» базарында курулуш материалдары сатылган үч дүкөн, пластик терезелерин чыгарган эки цех жана кийим-кече сатылган бир контейнер өрттөнүп кетти. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 800 чарчы метрди түздү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 14-августка караган түнү өрт тууралуу маалымат түшкөн.

Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчүлөрдүн биринчи тобу түнкү саат 12:30дарда барган. Өрт өчүрүүгө жалпысынан беш топ тартылып, 1,5 сааттан кийин чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери уланып жатат.

Пример HTML-страницы