"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Бишкекте Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку Мамлекеттер аралык кеңешинин жыйыны өттү

Бүгүн, 22-августта президент Садыр Жапаров жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку Мамлекеттер аралык кеңешинин жетинчи жыйынына катышышты.

Жогорку даражалуу конокту жылуу тосуп алган Садыр Жапаров кыргыз жана казак элдери эзелтеден достукта жана ынтымакта жашап келгенин белгилеп, бул жыйын стратегиялык өнөктөштүккө жана союздаштыкка жаңы дем берерин айтты. Президент өткөн жылы Астанада өткөн кеңештин алдыңкы жыйыны ийгиликтүү болгонун эске салып, азыркы жолугушуу кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачарына ишеним билдирди.

Жапаров өз сөзүндө эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, 2030-жылга чейин өз ара сооданын көлөмүн 3 миллиард долларга жеткирүү максатын билдирди. Ал ошондой эле өнөр жай, айыл чарба жана энергетика тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, чек ара өткөрмө пункттарын жаңылоо жана “Алматы – Ысык-Көл” автожолун куруу сыяктуу долбоорлорду атады.

Өз кезегинде Касым-Жомарт Токаев кыргыз-казак элдеринин ортосундагы достукту ата-бабалардан калган мурас жана руханий байлык катары мүнөздөп, Кыргызстанды Казакстандын аймактагы негизги стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири деп атады. Анын айтымында, учурдагы соода жүгүртүү 2 миллиард долларга жакындап, бул көрсөткүчтү жогорулатууга мүмкүнчүлүктөр кеңири.

Жыйындын алкагында мамлекет башчылары эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын өз ара кызматташтык багытындагы баяндамаларын да угушту.