"Эркин-Тоо"

Бишкекте Кытайдан келген жаңы автобустар линияга чыкты

Бүгүн Бишкек шаарында Кытайдан келген газ кыймылдаткычтуу жаңы автобустар линияга чыкты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-август өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү жана 1-сентябрь Билим күнүндө жаңы автобустар менен жүрүү акысыз болот.

Жаңы линиялар менен жүргөн No 15, № 51, № 52 автобустарга бекер жүрүүгө болот. Ошондой эле №100, №105, №152, №195, №32 каттамдары жаңы автобустук каттамдарга алмаштырылды.

Ала-Тоонун аянтында өтүп жаткан майрамдык иш-чарага байланыштуу
борбор калаанын жарандарынын жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн коомдук транспорттун иштөөсү саат 01:00гө чейин узартылды.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!