Бишкек шаардык мэриясынын билдирүүсүнө ылайык, шаардын аймагындагы эки мечитке санитардык талапты аткарбагандыгы үчүн айып салынды.
Маалыматка ылайык, Свердлов районунда жайгашкан мечит жана чиркөөлөрдө текшерүү жүргөн. Ага ылайык эки мечитте бет капсыз жарандар болгондуктан айып пул салынды. Аталгпан райондун аймагында 67 ислам жана 29 христиандык диний мекемелер бар.