"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Медицина

Бишкекте медициналык шаарча курулат

Бишкекте медициналык шаарча курулат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Министрдин айтымында, жакынкы эки жарым жылдын ичинде өлкөдө жаңы ооруканаларды, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларындагы облустук борборлорду, облустук онкологиялык борборлорду куруу пландалууда.

“Ошондой эле Бишкек шаарында 3500-4000 орундуу медициналык шаарча куруу пландалууда. Ал заманбап көп тармактуу комплекс болот”, — деди министр.

Ал ошондой эле Кыргызстандагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору үчүн 49 түрдүү заманбап жабдуулар алып келинээрин билдирди. Жабдуулар жакында ратификацияланган Дүйнөлүк банк менен келишимдин негизинде жана алгачкы медициналык-санитардык жардамды колдоонун алкагында келмекчи.

“Мурда биз кадимки УДИ жабдууларын сатып алган болсок, азыр санарипке өтүшүбүз керек. Учурда мобилдик жабдуулар пайда болууда. Заманбап жабдууларга болгон муктаждык жогору бойдон калууда”,-деп белгиледи министр.