Бишкектеги мектептердин биринин директору пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мектеп директору К.А.Т. билим берүү тармагынын башка кызматкерлери менен келишим түзүп алып, балдарды биринчи класска кабыл алуу боюнча коррупциялык схеманы уюштурган. Натыйжада ал баланы 1-класска киргизгени үчүн ата-энесинен опузалап акча талап кылган, эгер баш тартса, баланы мектепке киргизбейм деп коркуткан.
КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, аталган мектептин директору К.А.Т. УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.