"Эркин-Тоо"

Бишкекте мектеп окуучусунан кургак учук аныкталды

Бишкектеги №67 мектептеги окуучудан кургак учук аныкталганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуучудан дарт аныкталгандыгы 7-мартта белгилүү болгон.
«Мындан улам ал бала окуган класстын ата-энелери менен медиктер чогулуш өткөрүп, мектеп эки күн (11-12-март) онлайн окууга тараган. Мектеп толугу менен дезинфекцияланды», — деп жазылган маалыматта..
Ооруп калган окуучу менен байланышта болгон бардык окуучулар жана мугалимдер рентгенден өтөрү кошумчаланды.