Бишкекте мектептер 12-13-апрель күндөрү убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева билдирди. Анын айтымында, мектептер толугу менен аралыктан окууга өтпөйт. Шайлоо участоктору жайгашкан бала бакчалар жана мектептер 8-апрелден 14-апрелге чейин жабылып жатканын кошумчалады. Андан кийин бала бакча, мектептер кадимки режимде иштейт.
«Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкектин мектептери 12-13-апрелде гана жабык болот. 14-апрелден тарта кадимки тартипте окуу башталат. Эки күндө шаардык кеңешке шайлоо өткөн соң, имараттардын ичи тазаланат», — дейт Элмира Иманалиева.
Эске салсак, буга чейин мэрия борбор калаадагы бала бакчалар кайрадан жабылып, мектептер аралыктан окууга өтө турганын билдирген.