Төмөнкү Ала-Арча муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Т.К.Ч. 2300$ өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Кармалган жарандын күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуу пункттарын көзөмөлдөп, ошол эле учурда муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз ижарага берип жүргөндүгү аныкталган.
Шектүү учурда тергөө абагына киргизилип, анын аракеттерине байланыштуу иликтөө иштери улантылып жатат.

