Бишкек шаарында 28-майда мигранттарды чет өлкөгө кетүүгө чейин даярдоо жана кайтып келгенден кийин колдоо көрсөтүүчү борбор ачылды.
Бул долбоор Эл аралык миграция уюму жана Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашып, Эмгек министрлиги менен Агартуу министрлигинин кызматташуусунун негизинде түзүлдү.
Борбор мигранттарга укуктук жана маалыматтык колдоо көрсөтүү, кесиптик жөндөмдөрүн жогорулатуу жана ишке орношууга даярдык көрүүдө көмөктөшөт. Министр Равшанбек Сабиров борборду мигранттардын укуктарын коргоо жана татыктуу шарттарды камсыз кылууга багытталган маанилүү кадам катары сыпаттады.
Борбордо төмөнкү кызматтар жеткиликтүү:
-
Онлайн жана гибриддик окутуулар, анын ичинде жумушчулардын укуктары, финансылык сабаттуулук жана маданияттар аралык байланыш боюнча модулдар;
-
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун адистеринин кеңештери;
-
Иш берүүчүлөр менен кесиптик көндүмдөрдү тастыктаган видеомаектешүүгө даярдануу мүмкүнчүлүгү.
Борбордо 2025-жылдын аягына чейин кеминде 200 мигрантка сертификат берилип, алардын ишке орношуусуна жана интеграциясына көмөктөшүү мерчемделүүдө.

