"Эркин-Тоо"

Бишкекте милиция кызматкерлери баңгизат сатууга шектелип кармалды

ИИМдин маалымат кызматы кабарлагандай, Бишкек шаарында баңгизаттарды «Телеграм» аркылуу мыйзамсыз сатууга шектелген милиция кызматкерлери кармалды. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголду.

Тактап айтканда, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Б.Д. жана Г.М. синтетикалык баңгизаттарды саткан деп шектелген. Ишти ИИМдин ички иликтөө кызматы жана УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы аныктаган.

Учурда эки милиция кызматкери убактылуу кармоочу жайга киргизилди.