"Эркин-Тоо"

Бишкекте митинг өткөргөн 27 адам милицияга жеткирилди

Бүгүн, 10-январда Бишкекте кармалган активист, блогер жана саясатчыларды колдоо боюнча митинг өттү.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жүрүштүн катышуучуларына Турдакун Усубалиев аянтынын аймагында митингдер мыйзамсыз экендиги жөнүндө бир нече жолу эскертилген. Бирок жарандар бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарын аткарбай, аталган аянтка карай кыймылын улантышкан.

Жыйынтыгында Биринчи май райондук милициясына 27 адам жеткирилген. Жагдай аныкталгандан кийин Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 139-беренеси (“Тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузуу”) жана 128-беренесине (“Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө”) ылайык, укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлгөн, алар кийин сотко жөнөтүлөт.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!