"Эркин-Тоо"

Бишкекте муниципалдык ECO TAXI ишке кирди

Бишкекте 1-октябрдан тарта муниципалдык ECO TAXI ишке кирди.

Маалыматка ылайык, биринчи этапта муниципалдык ECO TAXI`нин 10 электр унаасы иштей баштайт.

ECO TAXI`нин маршруттук схемасы:

Киев/Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинен 12-кичирайонуна чейин белгиленген сары тилке боюнча саат 07:00-10:00 (күндүзгү) жана 17:00-20:00 (кечки). Отургузуу баасы киши башына 50 сом.

Таксилер заманбап электр жабдуулары жана GPS навигациясы менен жабдылып, айдоочулар атайын окуудан өтүшкөн.

Муниципалдык ECO TAXI`нин артыкчылыктары:
• Белгиленген сары тилкеде айдоо;
• Экологиялык жактан таза — атмосферага зыяндуу эмиссиялар жок;
• Жүргүнчүлөр үчүн комфорт – тынч жана жылмакай жүрүү;
• Экономикалык — саякаттын арзан баасы;
• Коопсуздук – кабинадагы видеобайкоочу камералар бар.

Муниципалдык эко-таксинин ишке кириши Бишкек шаарынын экологиялык таза транспортун өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Электр унаалар экологияга жана жарандардын ден соолугуна зыян келтирбейт.

Пример HTML-страницы