Улуттук тарых музейинде 2025-жылдын 18-майында “Музейдеги түн” аталышындагы маданий акция өтөт.
Иш-чара Эл аралык музейлер күнүнө жана Улуттук музейдин 100 жылдык мааракесине карата уюштурулат. Ага “Манас” театры, “Кийиз дүйнө” коомдук фонду, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Конфуций жана Япон институттары, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, авиациялык жана медициналык окуу жайлар, лицейлер жана чыгармачыл уюмдар катышат.
Акциянын алкагында 70ке жакын иш-чара уюштурулат. Алсак, улуттук жана эл аралык маданий өзгөчөлүктөрдү чагылдырган көргөзмөлөр, театрлаштырылган номерлер, музыкалык чыгармалар, мастер класстар, ошондой эле “Манас” айтуу, комуз күүлөрү, элдик оюндар, салттуу кийимдердин көргөзмөлөрү жана башкалар өткөрүлөт. Аны менен катар “Кийиз дүйнѳ” коомдук фонду кыргыз улуттук кийимдеринин ѳзгѳчѳлүктѳрү тууралуу маалымат берет.
Саат 17:00дөн 22:00гө чейин улануучу бул программага 10 миңден ашуун көрүүчүнүн келиши күтүлүүдө.