2024-жылдын 12 айында шаар куруу жана архитектура тармагындагы мыйзам бузуулар боюнча прокуратура органдары тарабынан жалпы 95 текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык прокуратурасы билдирди.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 228 мыйзам бузуу фактысы аныкталып, 38 сунуш, 51 талап, 4 эскертүү берилген. Мындан сырткары, 2 укук бузуу боюнча өндүрүш жана 12 кылмыш иши козголгон.
Прокурордук актылардын негизинде мыйзам бузуу менен курулуп жаткан 12 объектинин иши токтотулду. 8 объектиге берилген архитектуралык документтер жараксыз деп табылып, 10 объект боюнча документтер мыйзам бузуу толук жоюлганга чейин артка чакыртылды. Ошондой эле, эки жоопкерчилиги чектелген коомдун курулушка уруксат берүүчү лицензиялары убактылуу токтотулду.
Бишкек шаардык прокуратурасы мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылуу максатында бул багыттагы иш-аракеттерди күчөтүлгөн тартипте уланта турганын кошумчалады.

