Октябрь районунда тышкы жарнактарды иретке келтирүү боюнча рейддер жүргүзүлүп, Октябрь администрациясынын кызматкерлери менен муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери биргеликте иш алып барышууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо иштери Байтик Баатыр көчөсү менен А. Токомбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин жүргүзүлүүдө. Латын алфавитинде жазылган жарнак конструкциялар, борбордук көчөлөрдүн тротуарларында мыйзамсыз орнотулган жарнактар, ошондой эле имараттардын фасадына илинген башка жарнак баннерлер жана плакаттар алынууда. Бүгүнкү күндө 50дөн ашык жарнамалык элементтер демонтаждалган.
Белгилей кетсек, рейддик иш-чаралар шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана мамлекеттик тилдеги жарнактын жана маалыматтын тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, жайгаштырууну иретке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.