Бишкекте расмий түрдө 1 миллион 200 миң, бейрасмий түрдө 1,5 миллион адам жашайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев бүгүн өткөн түз эфир учурунда билдирди. Анын айтымында мындан улам мектеп, бала бакчалар балдарга толгон. Бир класста 45-50 окуучу окуган мектептер бар.
«Былтыр борбордо 16 мектеп курулган. 2025-жылы дагы бир катар мектептер жана Ленин районунун эки конушунда мектептер курулат»,-деди Жыргалбек Шакиев.