Кыргызстанда 2025-жылдын 29-октябрынан 2-ноябрына чейин Россиянын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият министри Тимурлан Ажымалиев билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштын бекемдигин көрсөтүп, ар түрдүү программаларды ичине камтыйт. “Маданият күндөрүнүн программасы өтө мазмундуу жана ар тараптуу болот. Анын алкагында Россиянын искусство чеберлеринин гала-концерти, орус киносунун фестивалы, Никита Михалковдун “Мастерская 12” театрынын спектаклдери, ошондой эле кыргыз киносунун тарыхына арналган көргөзмө жана кинокөрсөтүү болот”, — деди министр.
Россиянын маданият күндөрүнүн расмий ачылыш аземи 29-октябрда саат 19:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында өтөт. Гала-концертте Россиянын эмгек сиңирген артисттери Пелагея, Сергей Волчков, Александра Воробьева, Софья Онопченко, Вадим Эйленкриг, Николай Землянских жана Анастасия Тюрина ырдашат жана музыкалык жактан эл артисти Сергей Жилин жетектеген «Фонограф-Симфо-Джаз» оркестри коштойт.
Ошондой эле 29-октябрдан 1-ноябрга чейин «Манас» кинотеатрында орус киносунун фестивалы өтүп, көрүүчүлөр орус фильмдерин акысыз көрө алышат. Бирок орундарды алдын ала ticket.kg сайты аркылуу каттап алуу талап кылынат.
 
		 
		 
		


