Бүгүн, 22-августта Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи өттү.
Казакстан лидеринин кортежи “Ынтымак Ордо” имаратына келген соң, мейманды президент Садыр Жапаров тосуп алды. Имараттын алдында эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, ардак кароол тизилди. Президенттер саламдашкандан кийин Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик гимндери жаңырып, мамлекет башчылары кароолду кыдырып чыгышты.
Сапардын алкагында президенттер тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин жетинчи жыйынына катышат. Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташуунун бардык багыттары боюнча актуалдуу маселелерди жана кыргыз-казак мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулайт.
Ошондой эле мамлекет башчылары “Ынтымак” паркындагы “Достуктун алтын көпүрөсү” монументинин расмий ачылышына катышары күтүлүүдө.
Сапардын жүрүшүндө Казакстандын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун ачылышы жана Ошто Л. Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин филиалынын ишке кириши да пландалган.
Эске салсак, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кечээ, 21-августта Кыргызстанга расмий сапар менен келген.

