Бишкектин Биринчи май районунда балдар жана чоңдор арасында шахмат боюнча мелдеш өтөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, мелдеш 23-сентябрда саат 10:00дө Эркиндик бульвары менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде «Шахмат аллеясында» өтмөкчү.
Турнир Швейцария системасы боюнча ФИДЕ эрежеси боюнча 7 раундда өтүп, биринчиден баштап убакытты көзөмөлдөө 10 мүнөт+5 секунд болот.
Бишкек мэриясы орундар чектелүү экендигин белгилеп, 6 жаштан 17 жашка чейинки 16 катышуучуга, 18 жаштан жогору 18 катышуучуга гана уруксат берилерин эскертет.