"Эркин-Тоо"

Бишкекте соода борбордон үч жашар кызды уурдап кетишкен

Бишкекте соода борбордон үч жашар кызды уурдап кетишти. Бул тууралуу Свердлов районунун ИИБи билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга С. М. аттуу аял кайрылган. Ал соода борбордун оюн залынан үч жашар кызын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Адам уурдоо» беренеси боюнча иш козголгон.
«Баланы издөө үчүн шаардык милициянын жалпы жеке курамы тартылган. Милицияга 13 жаштагы Т.А. жана 25 жаштагы Р.М. аттуу аял жеткирилди. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда», — дешти милициядан.
Үч жашар кыз Чүй облусуна караштуу Васильевка (Казакстан менен чек арага жакын) айылынан табылган.
Пример HTML-страницы