7-август күнү таңкы саат төрттөр чамасында милицияга Чүй проспектиси менен Исанов көчөсүнүн кесилишинде ок атышуу болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган факт катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу келип, милицияга беш адам — 1995-жылы туулган А.Р., 1995-жылы туулган С.А., 1988-жылы туулган Т.Ф., 1983-жылы туулган И.А., 1985-жылы туулган А.А. жеткирилген.
Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.