"Эркин-Тоо"

Бишкекте төкмө акындардын республикалык айтышы өттү

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз ССРнин эл артисти, төкмө акын Калык Акиевдин 140 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Айтыш 14 акындын арасында жүрүп, баш байгени Асылбек Маратов ээледи. Ага 150 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.

  • 1-орунду төкмө акын Акматбек Султан уулу — 120 миң сом;
  • 2-орунду Мамбеттокто Мамбеторозо — 100 миң сом;
  • 3-орунду Баян Акматов алды — 80 миң сом.

Ал эми айтышка катышкан калган 10 акын 45 миң сомдон кызыктыруучу сыйлык катары акчалай байге менен сыйланды.

Акчалай сыйлыктан сырткары акындарга президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Жумгал райондук администрациясынын атайын сыйлык жана ардак громаталары тапшырылды.

Эске сала кетсек, жалпы байге фонду 1 млн сомду түзгөн аталган айтыштын тандоо туру 15- ноябрда Бишкекте өткөн.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!