"Эркин-Тоо"

Бишкекте тез татым жайлары текшерилди

Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору соңку эки күндө 37 тез татым жайын текшерип, алардын 10ун убактылуу жапты. Аныкталган кемчиликтерге байланыштуу жалпысынан 36 протокол толтурулуп, 588 миң сом айып пул салынды.

Соңку маалыматка ылайык, шаардагы тез татым түйүндөрүндө шаурмадан уулангандардын саны 71 адамга жеткени кабарланды.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы ооруканага 36 адам жактырылганын, алардын арасында 10 жаштан 14 жашка чейинки беш бала бар экенин билдирди. Алардын абалы канааттандыралык экенин билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкекте тамак-ашка жапырт ууланган окуядан улам шаардагы тез татым түйүндөрүн жапырт текшерүүнү тапшырган.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!