Бишкекте бардык троллейбус каттамдары убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
«Мындай өзгөртүүлөр КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясынын өтүшүнө байланыштуу», — деп белгилешти муниципалитеттен.
Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жолдордун жабылышы тууралуу алдын ала маалымат бериле турганын билдирди.

