Бишкекте тротуарларды курууга тоскоол болгон объектилер демонтаждалууда

6-октябрь, 2023-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 13

Бишкекте тротуарларды курууга тоскоол болгон объектилерди масштабдуу түрдө демонтаждоо иштери жүрүп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Матросов жана Самачин көчөлөрүнүн боюнда болжол менен 6 жеңил объект демонтаждалган, мындан тышкары, дагы 5 объектти демонтаждоо пландалууда.

Белгилей кетсек, буга чейин чарба жүргүзүүчү субъекттердин ээлерине өз ыктыяры менен демонтаждоо жөнүндө эскертүүлөр берилген, бирок берилген эскертүүлөр боюнча 2 объект өз ыктыяры менен демонтаждалган.

6-октябрь, 2023-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 13
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X