Кечээ түнү Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун Тимирязев көчөсү, 135 дарегинде жайгашкан турак үйдүн жана курулуш чарбанын чатырлары өрттөнүп, коңшу турган бала бакчанын чатыры кошо күйгөн. Өрттүн аянты болжол менен 1200 ч.м. түзгөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өрттөн жабыркагандар болгон жок.
Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин куткаруучулары жана өрт өчүрүү кызматы тартылып, эртең мененки саат 10:51де өрт толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.