Борбор калаадагы Ынтымак сейил багында “Bishkek Travel Fest” аттуу жаштар туризм фестивалы болуп өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, туристтик агенттиктердин өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Мэр өз сөзүндө фестиваль дүйнөлүк туризм күнүнө карата уюштурулганын жана ал өлкөдө алгачкы жолу өткөрүлүп жатканын белгиледи.
Фестивалдын негизги максаты жаштарды туризм тармагына кызыктыруу жана алардын спорттогу жетишкендиктерин көрсөтүү аркылуу активдүү жашоого үндөө болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө туристтик агенттиктер жана мектептердин спорттук секциялары тарабынан атайын көргөзмөлөр уюштурулду.