Бишкекте ТүркПАнын XV пленардык жыйыны өтүп, үч моделдик мыйзам кабыл алынды
Бүгүн, 20-октябрда Бишкекте Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин төрагалыгы алдында Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) XV пленардык жыйыны өттү.
«Жасалма интеллект жана технологиялык прогресс доорунда түрк дүйнөсүндөгү парламенттер аралык кызматташтык» темасына арналган жыйынга Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын парламент жетекчилери, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Катышуучулар санариптештирүү, жасалма интеллект, киберкоопсуздук жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле технологиялык өнүгүү менен адам укуктарын коргоонун маанисине көңүл бурулду.
Жыйындын алкагында өнөр жай менчигинин укуктарын коргоо, балдарды зыяндуу маалыматтардан коргоо жана биргелешкен ишканалар жөнүндө үч моделдик мыйзам долбоору кабыл алынды.
Мындан тышкары, ТүркПАнын комиссияларынын жана парламенттик топторунун отчеттору каралып, жетекчилик кызматтарга шайлоо маселелери талкууланды.