"Эркин-Тоо"

Бишкекте тыгындарды жоюу үчүн жаңы жол курулууда

Бишкек шаарында жол тыгынын жоюу үчүн жаңы жолдун курулушу башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан  билдиришти.

Маалыматка ылайык, Элебесов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чыгуучу Арал тилкесинде капиталдык оңдоо иштери башталды. Оңдоодон соң, узундугу 1500 метр, туурасы 6 метрди түзгөн,  Абдрахманов көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде альтернативдүү жол болмокчу.

Белгиленгендей, курулуш иштеринен тышкары кызыл сызыктан чыгып кеткен тосмолор, кампалар алынган. Жолду оңдоо иштери 10-октябрга чейин бүткөрүү пландалууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!