Бишкекте туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн 1-ноябрдан тарта баш калкалоочу жайлар иштей баштады. Маалыматты муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, туруктуу жашаган жери жок адамдарга арналган баш калкалоочу жай 12 кичи районунда жайгашкан. Жалпы аянты 330 м2 , 82 орунга ылайыкталган. Бул жай борборлоштурулган жылытуу системасы аркылуу жылытылат.
Баш калкалоочу жайда: тамак-аш азыктарын сактоо үчүн эки камералуу муздаткычтар, плазмалык телевизор бар, бардык бөлмөлөрдө: аристон, кир жуугуч машина-автомат, кийим үчүн шкафтар, сенсордук электрондук плиткалар, электр чайнектер бар.
Убактылуу баш калкалоочу жайдын контингентине медициналык кызмат көрсөтүү үчүн №8 ҮМБнын медицина кызматкерлери бекитилген.
Бул категориядагы жарандардын өздүгүн аныктоо боюнча үзгүлтүксүз нөөмөт жана иштерди жүргүзүү үчүн Октябрь райондук ИИБнин кызматкери бекитилди.
Социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн Октябрь району боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жооптуу адиси бекитилди.
Төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:
- бир жолку ысык тамак;
- жуу, чач кыркуу (душ, аристондор орнотулган, электр устара ж.б. бар);
- медициналык текшеруу;
- баштапкы медициналык жардам көрсөтүү;
- -флюорография;
- үй-бүлөнү бириктирүү боюнча иштер;
- документтерди калыбына келтирүү;
- иш менен камсыз кылуу.
Белгилей кетсек, баш калкалоочу жай 2024-жылдын 1-апрелине чейин иштейт